Окумуштуулар жүрөккө пайдалуу азыктарды атады

Изилдөө иштерине 50дөн ашык өлкөдөн 218 миң адам катышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Канададагы Макмастер университетинин окумуштуулары сүт азыктарын туура колдонуу жүрөк кан тамырлары ооруларынын алдын аларын аныктап чыгышкан. Бул тууралуу Food News порталы жазып чыкты.

Окумуштуулар кеч тамактануунун зыян жактарын айтып беришти
Адистер бир гана сүт эмес, эт жана башка майлуу, бирок "дени сак" азык-түлүктөр жүрөккө пайдалуу деген жыйынтыкка келишкен.

Илимпоздордун изилдөө иштерине 50дөн ашык өлкөдөн 218 миң адам катышкан. Алар рационуна жараша беш тайпага бөлүнүшкөн. Жыйынтыгында жашылча-жемиш, жаңгак, балык, эт жана сүт азыктарын көп колдонгон адамдардын тайпасы жүрөк кан тамырларынын ооруларына аз чалдыгары аныкталган.