Долондо мал жүктөп бара жаткан жүк ташуучу унаа оодарылып, үч адам мүрт кетти

Жүк ташуучу унаа тосмону сүзүп жолдон чыгып, оодарылып калган.
Sputnik

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Нарын облусунда жол кырсыгы катталып, үч адам каза болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады. 

Мүрт кеткен мугалимдер, энесиз калган бөбөк... Үрөй учурган жол кырсыктары
Алдын ала маалыматтар боюнча кырсык 4-январь күнү болжол менен саат 20:30да Долон ашуусунда, Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 282-чакырымда катталган. Анда MAN үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын 22 жаштагы айдоочусу рулду башкара албай калып, машина тосмону сүзүп, жолдон чыгып, оодарылып кеткен.

21 буканы жүктөгөн унаа Ак-Талаа районунан Токмокко бара жаткан. 

Кырсыктан Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылынын 22 жаштагы тургуну (айдоочу), 47 жана 29 жаштагы жердештери каза болгон. 

Ал эми үч жүргүнчү ар кандай жаракат менен Нарын облусунун Кочкор райондук ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырылган. Окуя болгон жерде 19 бука өлгөн. 

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат, экспертиза дайындалды.