Улакта мертинген Баронго көз тийдиби? Аргымак ээси эмне дейт

Миллион долларга берилбеген бир тонналык Барон аргымагы 29-декабрда аламан улакта жүргөн жеринен жыгылып жан берген.
Sputnik

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Жаңы жылдын алдында аламан улак учурунда мүрт кеткен Кыргызстандагы эң чоң аргымак Барондун өлүмүнүн так себептери билинген жок. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине аттын ээси Алмаз Колдошев билдирди.

Белгилей кетсек, Колдошев Баронду минип узаган жылдын 29-декабрында Бишкектин четиндеги Манас айылындагы аламан улакка барган. Оюндан соң аргымагы басып бараткан жеринен өзүнөн-өзү жыгылып, ошол замат жан берген. Барон мурда жаракат алып же ооруган эмес. Мындай кабар көпчүлүктү таң калтырып социалдык тармакта "атка көз тийди" деген сыяктуу түрдүү пикирлер айтылган.

"Көз тийип эле өлдү деп жатабыз. Улакка алып чыкканбыз, ошол жерден эле көз тийди окшойт. Ушундай адамдар болот экен да. Көз тийгенден улам болушу мүмкүн деп айтышты. Өлүмүнүн башка себептери билинген жок. Этин ошол жердеги элге таратып бердик. Барондон тукум алып калганбыз, бирок эми өзүндөй аргымактар чыгар-чыкпасын билбейм", — деди Колдошев.

Кыргызстандын эң чоң аргымагы. Миллион долларга берилбеген бир тонналык "Барон"

Sputnik Кыргызстан агенттиги өткөн жылдын жаз айында Барон аргымагы тууралуу материал даярдаган. Анда аттын салмагы 920 килограмм, бою 187 сантиметрге жетери айтылган. Күнүнө эки таңгак чөп, 20 килограмм жем жечү. Ээси эки маал сегиз килограммдан сулу, эки килограммдан арпа берип, мезгил-мезгили менен эмдетип турарын айтып берген.

Кырылган кой, аскадан учкан жылкылар. Кыргызстанда малды камсыздандырса болобу?
"Баронду алып келгенден тартып эле казак, тажик, ооган жана жергиликтүү улакчылар сатып алууга кызыгып, 50 миңден 300 миң долларга чейин акча сунушташкан. Ал эми кытайлыктар бир миллион долларга сурашты. Барон — менин эч нерсе менен баалангыс аргымагым. Андыктан канча акча сунуштабасын, сатпай турганымды айтып, баарын сылык-сыпаа узаткам", — деп айткан аргымак ээси.

Алмаз Колдошев Баронду 2012-жылы жаңы асыйында (төрт жаш) Россиянын Омск шаарынан беш миң долларга сатып алган. Аны менен аламан улакка катышып жүргөн, ушул жазда жети асый болмок. Анын кулундарынын эле баасы он миң доллардан жогору бааланат.