Таластагы жол кырсыктан айдоочунун 2 жашар кызы менен жүргүнчү аял набыт болду

Кырсык Талас — Тараз — Суусамыр унаа жолунун 46-чакырымында болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Таластын Кара-Буура районунда жол кырсыгынан эки адам каза болду. Бул туурасында Талас облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспектору Сабит Өмүрбеков билдирди.

Мүрт кеткен мугалимдер, энесиз калган бөбөк... Үрөй учурган жол кырсыктары
Анын айтымына караганда, окуя 2-январда күндүз Талас — Тараз — Суусамыр унаа жолунун 46-чакырымында болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча Honda СR-V үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулга ээ боло албай калып Mazda унаасын сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен Honda СR-V машинасында бара жаткан 33 жаштагы жүргүнчү аял менен айдоочунун эки жашар кызы каза болгон.