Кыргызстанда канча киши жашайт, канчасы бала, канчасы жакыр? Статкомдун отчету

Өлкөгө киргендерге караганда чет жакка чыгып кеткендердин саны көбүрөөк болгондуктан калктын саны табигый өсүүдө экени белгиленет.
Sputnik

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. 2018-жылдын башына карата Кыргызстан калкынын саны 6 миллион 257 миңди түзгөнүн Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Статком канча кыргызстандык ашыкча салмактан жабыр тартарын аныктады
Маалыматка ылайык, жалпы элдин үчтөн бир бөлүгү же 33,9 пайызы шаарда жашаса, калганы (66,1 пайызы) айыл жерин пааналайт. Өлкөгө киргендерге караганда чет жакка чыгып кеткендердин саны көбүрөөк болгондуктан калктын саны табигый өсүүдө экени белгиленет.

Жалпы калктын 34 пайызын балдар жана өспүрүмдөр түзсө, 59 пайызы эмгекке жарамдуу курактагылар болсо, 7 пайыздайы жашы өтүп калган адамдар. 2017-жылдын жыйынтыгы менен жакырчылыктын деңгээли 25,6 пайыз экени белгилүү болду.