БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Испаниянын соту оорукчан жигиттин кейпин кийип, курбусунун акчасын алдап алып жана ага асылган валенсиялык кызды беш жылга эркинен ажыратты. Бул туурасында РИА Новости билдирди.
Маалыматка ылайык, соттолгон аял 2016-жылы бир жигиттин атынан социалдык тармактан аккаунт ачып, курбусун аны менен "тааныштырган".
Андан кийин жигиттин кейпин кийген кыз ак кан менен ооруп жүргөнүн айтып, ооруканага керек деген шылтоо менен андан акча, эки смартфон, кийим жана желдеткич жөнөтүүнү сурайт. Ичинде жаман ою жок кыз сатып алууга 600 евро коротуп, банктык эсебине 500 евро которгон.
Кийинчерээк кыз таанышкан "жигити" менен жолугушмак болот. Анда ал ооруулу абалымды көрбөй эле кой деген жүйө менен кыздан көзүн таңып келүүсүн өтүнөт. Учурдан пайдаланып кызга асылып баштаганда, жабырлануучу качып кутулган.
Натыйжада курбусун алдаган кыз беш жылдык жаза мөөнөтүн өтөп чыккандан кийин дагы беш жыл укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө турмай болду.