Азия кубогундагы Кыргызстандын оюндарына билеттер Бишкекте сатылууда. Баалары

Кыргызстандын курама командасы тайпалык баскычта Кытай, Түштүк Корея жана Филиппинге каршы ойнойт.
Sputnik

БИШКЕК, 2-янв — Sputnik. Азия кубогундагы беттешүүлөрдүн билетин Бишкектеги Fly Dubai компаниясынын кеңсесинен сатып алууга болорун КРдин Футбол  федерациясынан билдиришти.

КРдин футбол боюнча курама командасы Жаңы жыл күнү Палестинаны утуп алды
Билеттер үч категорияга бөлүнгөн. Тайпалык этаптагы оюндарга билеттердин баасы —25, 50 жана 75 дирхам. Чейрек финалдын билеттерине дагы дал ушундай баа коюлган. Ал эми 1430 сомдук (75 дирхам) биринчи категориядагы билеттердин саны чектелүү экени айтылды.

Башка категориядагы билеттерди жеринен же интернет аркылуу алууга болот.

Континент биринчилиги 5-январь күнү Бириккен Араб Эмирликтеринде башталат.