БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. 2019-жылы кандай окуяларга күбө болобуз? Бул суроону көп киши берет. Аларга экстрасенстер, көз ачыктар жооп берүүгө аракет кылышат. Sputnik белгилүү көз ачыктардын айтып дегенин сунуштап турган чагы.
Алардын эң эле айтылуусу — Нострадамус деген латын ысымы менен белгилүү Мишель де Нотрдам өз убагында 2019-жылга да саресеп салганы.
Sputnik Армения агенттигинин айтымында, орто кылымда жашаган атактуу астролог жана дарыгер билгенин латын, эски француз, италия жана грек тилдерин аралаштырып жазган.
Көз ачыктын божомолунун баары "Мишель Нострадамустун алдын ала айтуусу" деген китепке уйкашкан төрт саптар (катрен) болуп жарыяланган.
Үчүнчү дүйнөлүк согуш
Нострадамустун тексттерин чечмелеген француз блогерлер көзү ачык 2019-жылы үчүнчү дүйнөлүк согуш тутанарын айтканын жар салышты.
Мындан тышкары, Нострадамус маалыматтык согуш — "сөз кылычтан курч болгон" мезгил тууралуу да саймедирейт. Ошондой эле экстремисттик идеялар жайылгандыктан, терактынын да көп болору айтылат.
Астролог бир катар европалык мамлекеттерде дүйнө тааным өзгөрө турганын божомолдойт. Андан тышкары, 2019-жылы Батышта христиандык баалуулуктардын мааниси төмөндөп, ислам кеңири кулач жаят деген.
Ири жер титирөөлөр жана сел
Нострадамус кирип келе жаткан жылы табигый кырсыктар да көп болорун айтып кеткен. Негизинен АКШда үрөй учурган жер титирөө болуп, бул зилзала өлкө тарыхындагы эң ири кырсык болорун боолгологон. Бул айтылгандарды эске алуу менен изилдөөчүлөр жер титирөөнүн очогу Калифорния менен Ванкувер аралынын (Канада) ортосунда жайгашарын аныктып чыгышты.
Илимпоздун айтканы боюнча, бул жылда сел да көп жүрөт. Суу Түркия менен Ирандын чегиндеги аймакты каптайт деген божомол бар.
200 жашка чейин өмүр сүрүү
Нострадамус 2019-жылы жарыкка келгендер 200 жашка чейин өмүр сүрө турганын да айткан. Көз ачык буга медицинадагы жетишкендиктер себепчи болот деген пикирде экен.
Баса, Нострадамус 2018-жылы дүйнө жүзүнүн баары сезе турган жер титирөөлөр болорун да айтып кеткен эле. Быйыл зилзаладан Венесуэла, Индонезия менен Япония катуу жабыркады, ал эми АКШнын Калифорния штатында токой өртү бир топ кесепетке кептеди.
Ванга эмне дейт?
The Daily Mail басылмасынын маалыматы боюнча, Ванга 2019-жылы эки дүйнөлүк лидердин ортосунда чоң пикир келишпестик жараларын айткан.
Европа ири экономикалык коллапстан улам кыйроого учурай турганын айтып, буга Улуу Британиянын Европа биримдигинен (Brexit) чыгуусу себеп болорун боолгологон.
Көз ачыктын айтканына караганда, Пакистан, Индия, Кытай, Япония жана Индонезияда жер катуу титирейт.
Белгилей кетсек, болгариялык көз ачык буга чейин Brexit тууралуу, "Ислам мамлекетинин" пайда болорун, 11-сентябрдагы АКШдагы теракт жана "Курск" суу алдында жүрчү кеменин кыйроосун алдын ала айткан.