"Ала-Тоо" аянтында Жаңы жылга карата майрамдык даярдык көрүлүүдө. Сүрөт

Коопсуздукту сактоо үчүн атайын өткөрмө пунктулары орнотулду.
Sputnik

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтына барчу жолдор майрамдык иш-чараларга даярдык көрүү үчүн жабылды.

Ага ылайык, Чүй проспектисинин Эркиндик проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгүнө атайын цемент тосмолор коюлган. Андан сырткары, аталган көчөлөрдөн аянтка өткөн жерине атайын өткөрмө пунктулары орнотулду.

1 / 6
Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтына барчу жолдор майрамдык иш чараларга даярдык көрүү үчүн жабылды.
2 / 6
Чүй проспектисинин Эркиндик көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгүнө атайын цемент тосмолор коюлган.
3 / 6
Андан сырткары, аталган көчөлөрдөн аянтка өткөн жерине атайын өткөрмө пунктулары орнотулду.
4 / 6
Борбордук аянттын аймагына кошумча таштанды урналары да коюлган.
5 / 6
Жаңы жыл түнү "Ала-Тоо" аянтында 2 миңден ашык киши коомдук тартипти сактайт.
6 / 6
Борбордук аянттан тышкары Бишкектин ар бир районунда майрамдык иш-чаралар өтөт.

Буга чейин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы дагы кайсы көчөлөрдө майрамга карата убактылуу чектөө киргизилерин маалымдаган. 

Алмамбетова: шаарды жасалгалоодо акчаны сарамжалдуу пайдаландык
Ошондой эле борбордук аянттын аймагына кошумча таштанды урналары да коюлган.

Жаңы жыл түнү "Ала-Тоо" аянтында 2 миңден ашык киши коомдук тартипти сактайт

Ал эми тазалыкты 60тан ашык киши менен атайын 7 техника камсыздайт.

Борбордук аянттан тышкары Бишкектин ар бир районунда майрамдык иш-чаралар өтөт.