Ток жүрүп кантип арыктоого болот? Кытайлык медиктин кеңеши

Медик ашыкча салмактан арылуу үчүн ар кандай кошулмаларды ичүүгө кеңеш бербей турганын айтып, алардын ден соолукка зыян экендигин эскерткен.
Sputnik

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Арыктоо үчүн тамактан таптакыр баш тартпаш керек, болгону өтө тойбоо зарыл. Бул туурасында РИА Новости Пекиндеги клиниканын башкы дарыгери Лю Цзиньюанга шилтеме берип жазды.

"Тамакты аз жесеңиз да, көп жесеңиз да көк боор дайыма 100 пайызга иштеп турат. Жана тамак май катары эмес, организмди кубаттандыруучу каражат болуп саналат. Бул эң жакшы ыкма", — деген медицина кызматкери.

Ашыкча салмактан арылтып, кайра семиртпей турган диета табылды
Адис белгилгендей, көп кыймылдоо керек, ансыз арыктоо мүмкүн эмес.

Дарыгер ашыкча салмактан арылуу үчүн ар кандай кошулмаларды ичүүгө болбой турганын айтып, алардын ден соолукка зыян экендигин эскерткен. Лю Цзиньюань анын клиникасына кошулмалардын айынан ичеги-карды жакшы иштебей жабыр тарткан аялдар көп кайрыларын айтып өткөн.

"Тамактан баш тарткан бейтаптарды кабыл алганбыз. Аларда тамакка табит жоголгон, жей албай калышкан. Мындай аялдар абдан көп", — деген Цзиньюань.

Буга чейин ар кыл окумуштуулардын изилдөөлөрүнө таянуу менен ашыкча салмактан арылуунун төрт ыкмасы белгилүү болгон.