Кыргызстандын жарандыгынан 366 адам чыкты. Жарлык жарыяланды

Алардын арасында 4-5 балалуулар болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Пакистан президенти уулун ала албай жаткан кыргыз келиндин ишин карамай болду
Ага ылайык, 366 адам (анын ичинен 295 — чоң адамдар жана 71и — балдар) Кыргызстандын жарандыгынан чыгарылган.

Тизмеде кыргыз, орус, өзбек, казак, дунган, азербайжан, күрд, уйгур, немис, татар, украин, корей улутундагы адамдар бар. Алардын арасында 4-5 балалуу мекендештер да болгон.

Жарандыктан чыккандардын тизмесин президенттин сайтынан табууга болот.