Аламүдүндө Volkswagen Golf бакты сүзүп, ичиндеги аял мертинди

Айдоочунун рулга ээ боло албай калганы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Чүйдүн Аламүдүн районунда Volkswagen Golf унаасы жол боюндагы бакты сүзүп, натыйжада ичиндеги аял киши каза тапканын ӨКМ билдирди.

Таласта Honda СRV менен Нива кагышып, бир киши көз жумду
Маалыматка ылайык, кырсык 27-декабрь күнү саат 15.40тарда болгон. Жолоочулар Кайырма айылынан Арчалыга бара жатышкан. Айдоочунун рулга ээ боло албай калганы айтылууда.

Окуя болгон жерге барган куткаруучулар сөөктү унаадан чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Абайлагылачы… Жыл башынан берки жол кырсыктар жүрөктүн үшүн алат.