Жаныбар экенине карабай жансыз жаткан баласын таштап кетип калган эмес. Башка шериктери келип кадимкидей кейип, энени сооротууга аракет кылганын да көрүүгө болот.
"Мен бул видеону тээ алыстан тартып алдым. Маймыл баласы өлүп калганын билген, бирок ал муну кабыл алып, ишенүүгө даабай турду. Бул учурда тартып жатып көзүмө жаш тегеренди. Ар бир эне үчүн баласын жоготуу өтө оор экенин билебиз. Бүгүнкү көргөнүм —жаныбарлар да адамдар сыяктуу эле кайгы тартарына дагы бир ирет ынандырды", — деп жазган Арчна Сингх.
The Daily Mail агенттиги маймылдын баласы 50 градус ысыкка чыдай албай өлүп калганын жазат.