БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Түштүк Кореяда эл иттин этин тамакка пайдалануудан баш тартып жаткан тенденция байкалууда. Бул тууралуу CNN каналынын түштүккореялыктар жөнүндө тарткан репортажынан белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, акыркы убакта кореялыктар жаныбарларды үйдө багууга оой баштаган. Бул өз кезегинде иттин этинен жапырт баш тартууга негиз болгон.
"Түштүк Кореяда бул тармак ири бизнеске айланып кеткен. Өлкөдө иттерге арналган мейманканалар, кафелер бар. Бул жактан алар үчүн спа-процедуралар, иттин келбетине кам көргөн кызматтар көрсөтүлөт. Бул аракеттер итке болгон мамиле өзгөрүп жатканынан кабар берет", — дейт CNN кабарчысы Пол Хэнкокс.
Кореялыктар иттин этин ачарчылыктан улам жеп калганы, негизинен өпкө ооруларына каршы пайдаланганы айтылып келет.
Ал эми алардын Кыргызстанга кандайча келип калганын Sputnik даярдаган лонгридден билүүгө болот.