БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. "Түндүкэлектр" компаниясы Жаңы жылды тосуп жатып жарыксыз калбаш үчүн кыргызстандыктарды электр кубатына болгон карызын төлөөгө чакырды. Бул туурасында аталган ишкананын маалымат кызматынан кабарлашты.
Компания көзөмөлдөөнүн автоматташтырылган маалыматтык-ченөө системасы карыз болгон абонентти аралыктан туруп эле өчүрүп коерун эскертет.
"Жаңы жылда, тагыраагы, 2019-жылдын 1-7-январында электр жарыгысыз калбаш үчүн "Түндүкэлектр" ишканасы абоненттерди карызын өз убагында төлөөнү эскертет", — деп айтылат маалыматта.
"Эгерде электр жарыгы "акылдуу" эсептегич аркылуу же аралыктан туруп өчүрүлсө, ал кайра жалгаштыруу үчүн атайын акча төлөнгөндөн кийин, серверге маалымат түшкөндөн кийин гана күйөт", — деп айтылат маалыматта.
"Түндүкэлектр" оңдоп-түзөө, алмаштыруу, кырсык болгон учурларда электр жарыгысыз калган колдонуучулардын түшүнүү менен жасаган мамилесине ыраазылык билдирген.