Көздөрү кубанычтан жайнаган балдар. Башкы балатыдан тартылган сүрөттөр

Sputnik

Майрамдык иш-чарага Кыргызстандын бардык аймактарынан миңден ашык бала чакырылган

Балага жаңы жылдык белекти кантип тандоо керек? Адистин кеңеши
Президенттик балатыга өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков жубайы Айгүл Токоева менен катышты.

Балдарга Чыңгыз Айтматовдун чыгармасындагы Бугу эне окуясы театрлаштырылып тартууланды. Андан сырткары, балдардын маанайын эстрада ырчылары Мирбек Атабеков, Айым Айылчиева көтөрдү. Жаңы жылдын башкы каарманы болгон Аяз ата менен Аяз кыз дагы балдарды майрамы менен куттуктап, белек-бечкектерин тапшырды.

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү бардык балдарды Жаңы жылы менен чын жүрөктөн куттуктады.

"Жараткан жаштын тилегин берет дейт. Силердин да тилеген ой-максаттарыңар бар. Кыргызстандагы бардык балдардын тилегин Кудайым колдоп, ошонун баары орундалсын. Кудайым чың ден соолук, узун өмүр берсин. Жакындарыңар менен аман-эсен болгула. Келечекте Кыргыз мамлекетинин алдыңкы жаштарынан болгула. Мекенди чындап сүйгөн патриот уул-кыздардан болгула", — деди Жээнбеков.

Ал ошондой эле "кыргыздын чыгаан уулу Чыңгыз Айтматовдой эл-журтка кызмат кылган, элди, жерди ааламга тааныткан улуу инсандардан болгула" деген тилегин билдирди.

1 / 14
Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Жаңы жылдык балатыга жубайы Айгүл Токоева менен келди
2 / 14
Майрамдык концерттин көркүн каскадерлор дагы чыгарды
3 / 14
Тал чыбыктай ийилген кыздар чимириле бийлеп, балдардын маанайын көтөрдү
4 / 14
Жаңы жылдык балатыда Чыңгыз Айтматовдун чыгармасындагы Бугу эненин окуясы сахналаштырылган
5 / 14
Эстрада ырчысы Айдана Дека
6 / 14
Жаңы жылды Аяз ата менен Аяз кызсыз элестетүү кыйын
7 / 14
Сооронбай Жээнбеков жараткан жаштын тилегин берерин айтып, бардык балдардын тилеген ой-максаты орундалышын каалады
8 / 14
КР эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков "Мурас" ырын аткарганда залда отурган балдар ордунан тура калып бийлешти
9 / 14
Айым Айылчиева да өз ырын аткарып, балдардын маанайын көтөрдү
10 / 14
Балаты менен Аяз атанын костюмун кийген балдар сахнада чимириле бийлешти
11 / 14
Президенттик балатыга Кыргызстандын бардык аймактарынан миңден ашык бала чакырылган
12 / 14
Майрамдык иш-чара саат 11:00дө башталып, бир саатка созулду
13 / 14
Балатыга келген балдардын кубанычында чек жок
14 / 14
Сооронбай Жээнбеков алып баруучу болгон балдарга арнап белегин берип, бетинен сүйдү