Диетолог бир күндө канча мандарин жесе болорун айтты

Цитрус өсүмдүктөрүнө аллергия бар болсо, мандаринден дагы баш тартууга туура келет.
Sputnik

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Москванын Саламаттык сактоо департаментинин диетологу Антонина Стародубова мандаринди өлчөп жебесе, ден соолукка зыян алып келерин айтып берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Мынча же тигинче жеш керек деген норма жок. Бирок ар бир адам өзү ойлонушу керек, күнүнө бир эле азыкты килограммдап жеп салуунун кандай зарылдыгы бар? Негизи бир адамга бир күндө төрт мандарин жетиштүү", — деп түшүндүрдү Стародубова.

Адис кошумчалагандай, эгер кишинин цитрус өсүмдүктөрүнө аллергиясы болсо, мандаринден дагы баш тартууга туура келет.