Премьер-министр Абылгазиев Бишкек ТЭЦтин абалын көрүп чыкты. Сүрөт

Өкмөт башчы заманбап жабдыктар менен жабдылган химиялык суу тазалоо цехин карап чыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек ТЭЦинин ишин көзөмөлдөп, ишкана жетекчилери менен жылытуу сезонун талкуулады. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

1 / 4
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек ТЭЦинин ишин көзөмөлдөп, ишкана жетекчилери менен жылытуу сезонун талкуулады
2 / 4
Абылгазиев от казан цехин, машиналык залдын жаңы бөлүгүн, жылуулук электр борбору башкармалыгынын башкы щитин, суу өткөрүү түтүктөрүнүн техникалык каражаттарын жана химиялык суу тазалоочу жабдууларды көрүп чыкты
3 / 4
Ошондой эле премьер-министр заманбап жабдыктар менен жабдылган химиялык суу тазалоо цехинин иштөөсү менен таанышты
4 / 4
ТЭЦтин директору Андрей Воропаев ишкананы модернизациялоо негизинен иштелип чыккан электр энергиясынын көлөмүн көбөйтүүгө багытталганын маалымдады.

Абылгазиев от казан цехин, машиналык залдын жаңы бөлүгүн, жылуулук электр борбору башкармалыгынын башкы щитин, суу өткөрүү түтүктөрүнүн техникалык каражаттарын жана химиялык суу тазалоочу жабдууларды көрүп чыкты.

Абылгазиев: балдарга зомбулук көрсөткөндөргө катуу чара көрүлсүн
Ошондой эле премьер-министр заманбап жабдыктар менен жабдылган химиялык суу тазалоо цехинин иштөөсү менен таанышты.

ТЭЦтин директору Андрей Воропаев ишкананы модернизациялоо негизинен иштелип чыккан электр энергиясынын көлөмүн көбөйтүүгө багытталганын маалымдады.

Анын айтымында, жаңы цехтин долбоордук кубаттуулугу саатына 144 куб метр сууну айлантат. Учурда 28 насос иштеп, 4 интегралдык суу тазалагыч орнотулган жана үч ультра чыпкалоочу, I-II даражадагы система орнотулган.

"ХВО I жаңы системасы ишке киргизилгенге чейин Бишкек ТЭЦи химиялык суу тазалоого даярдык цехинин жалпы өндүрүмдүүлүгү саатына 360 метр кубду түзгөн. Азыркы кезде химиялык цехтин кубаттуулугу саатына 504 метр кубга жетет", — деп айтылат маалыматта.

Абылгазиев ошондой эле коррупция менен күрөшүү маселелерине токтолуп, өкмөт тарабынан энергетика тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча ырааттуу жана активдүү иштерди жүргүзө турганын баса белгиледи.