Окуя 24-декабрда кечинде "Эпицентр украинской политики" телеберүүсүн тартуу учурунда болгон. Коноктордун мушташып кеткен учуру YouTube сайтына жарыяланды.
Мосийчук Семченкону "Россияга иштеп жатасың" деп айыптагандан кийин алар кармаша кеткен. Алгач экөө кер-мур айтышып, депутат студиядан чыгып кетерин айтып коркуткан. Бир аздан кийин эксперт ага атырылган депутатты моюндан кармап жерге көтөрүп чапкан.
Аларды ажыратышкандан кийин алып баруучу Семченкодон студиядан чыгып кетүүнү суранган. Башында ага макул болбой, кийин чыгып кеткен. Бул учурда Мосийчук аны кууп жетип далыдан ары бир чапкан.