Отунбаева президенттен Текебаевге ырайым кылууну өтүндү

Текебаев Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" жана "Алдамчылык" беренелери боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган.
Sputnik

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Экс-президент Роза Отунбаева өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековго кайрылып, камактагы мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевге ырайым кылууну сурады. Ал анын бул сунушун Жогорку Кеңештеги фракция лидерлери дагы колдойт деген ниетте. Мындай билдирүүнү "Роза Отунбаеванын демилгеcи" эл аралык коомдук уюму таратты.

Отунбаева өз билдирүүсүндө Текебаев Кыргызстандын жаңы тарыхында чыгаан саясатчылардын бири катары кала берерин жана депутат катары өлкөдө демократиянын өнүгүшүнө өз салымын кошконун айткан.

"2017-жылы ал чет элдик алдамчынын көрсөтмөсү менен жана Атамбаевдин режими тарабынан мыйзамсыз эркинен ажыратылган. Үч инстанциядагы сот коюлган айыптар толук эмес экенин ынандырды жана ал саясий заказ болгону башынан эле белгилүү болчу", — деп Отунбаева билдирген.

Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыктаган маалымат жыйынында Өмүрбек Текебаевдин соттолушу тууралуу өз оюн билдирген

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Текебаев Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" жана "Алдамчылык" беренелери боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган.