Президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясына жаңы ректор дайындалды

Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Sputnik

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Алмазбек Акматалиев КР президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Президенттик аппаратта дагы бир экс-министр иштемей болду
Ага ылайык, тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Президент башка жарлыгы менен аталган окуу жайдын ректору Алмаз Насыровду кызматынан алды.

Акматалиев буга чейин Нарын мамлекеттик университетинин ректору, Кыргыз-түрк "Манас" университетинин ректорунун кеңешчиси, 2010-2012-жылдары мамлекеттик башкаруу академиясына ректор болгон.

Белгилей кетсек, КР президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясы быйыл жай айында мамлекеттик кадр кызматынын карамагына өткөн.