Музаффар Исаков депутаттык мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутаты Музаффар Исаков. Архив
Эл өкүлүнө буга чейин "Коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Sputnik

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутаты Музаффар Исаков мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымына караганда, арыз бүгүн, 24-декабрда, саат 16.00дө түшкөн.

"Эл өкүлү өз каалоосу менен мандатын тапшырганы жатат. Арызын жакынкы күндөрү карап, канааттандырып беребиз", — деди Бекматов.

Исаковго 2017-жылы февраль айында "Коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал 2010-2015-жылдар аралыгында райондук архитектура жана мамкаттоо кызматкерлери менен сүйлөшүп 14,34 гектар айыл чарба багытындагы жерди жеке курулуш иштерин жүргүзүүгө берген деп шектелүүдө.