Рамзан Кадыров саясий карьерасын эмне менен жыйынтыктай турганын айтты

Чеченстандын башчысы ал үчүн Путиндин сөзү мыйзамдан да жогору турарын айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров журналистке берген маегинде Россиянын президенти болуу ниети жоктугун билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазып чыкты. 

Ал жада калса федералдык министрликти да жетектөөдөн баш тартып, өзүнүн регионун башкаруу менен гана чектеле турганын айтат.

"Албетте, Россиянын жогорку кызматтарына барбайм. Менин жада калса өкмөттүн бир чакан министрлигин жетектеп кете алгыдай деңгээлим жок. Мен регионду башкаруу менен гана карьерамды жыйынтыктагым келет", — деди Кадыров.

Рамзан Кадыровдун мал-мүлкү: 2345 чарчы метрлик үй жана миллиондор
Ошондой эле ал президент Владимир Путин мураскер катары кимди калтырып кетсе, ошол адам менен иштешүүгө дилгир экенин маалымдады.

"Путин өзүнүн ордуна кимдин атын атаса, ошону менен аягына чейин барам. Мен үчүн Путиндин сөзү мыйзамдан да жогору турат. Мен ага милдеткермин", — деди Чеченстандын башчысы.

Мындан сырткары, ал Путинден кандай буйрук келбесин 100 пайыз аткарууга даяр экенин айткан.