Жумгалда бир үй-бүлөнү мыкаачылык менен өлтүргөн шектүүнүн сүрөтү жарыяланды

Кылмыш иши 21-декабрга караган түнү болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Ички иштер министрлиги Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айылында 4 жашар кызды зордуктап өлтүрүп, 7 жашар бала менен 47 жаштагы аялды муунтуп өлтүрдү деп кармалган шектүүнүн сүрөтүн жарыялады.

Подозреваемый в убийстве семьи и изнасиловании девочки в селе Кок-Ой Жумгальского района Нарынской области

Билдирүүгө ылайык, 21-декабрь күнү Жумгал райондук нөөмөт бөлүмүнө "Көк-Ой айылында өрт чыгып, бир үй-бүлө каза болуптур" деген маалымат түшкөн.

Ошто таштанды жайдан жаңы төрөлгөн ымыркайдын сөөгү табылды
Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге чыгып, алгачкы иликтөө иштерин жүргүзүү учурунда аталган айылдагы үйлөрдүн биринде чыккан өрттөн каза болгон 47 жаштагы аялдын жана анын эки небересинин — 4 жана 7 жаштагы балдардын сөөгү табылган.

Алгачкы тергөөнүн жүрүшүндө 47 жаштагы аял менен анын жети жаштагы небереси муунтуп өлтүрүлгөнү, ал эми төрт жашар кыздын зордукталып өлтүрүлгөнү аныкталган. Аталган факты боюнча Жумгал райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча иш козголду.

Бул кылмышка барды деген шек менен Көк-Ой айылынын 29 жаштагы тургуну кармалып, күнөөсүн толугу менен мойнуна алып көрсөтмө берген. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.