Темир Жумакадыров атындагы алгачкы стипендия тапшырылды

Жаш лидерлерди колдоо максатында 2018-жылдын башында улуттук университет менен PRO LEX фонду Темир Жумакадыров атындагы стипендияны уюштурган.
Sputnik

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин мыкты делген үч студентине Темир Жумакадыров атындагы стипендия тапшырылды. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жаш лидерлерди колдоо максатында 2018-жылдын башында улуттук университет менен PRO LEX фонду Темир Жумакадыров атындагы стипендияны уюштурган.

"Стипендия жыл ичинде окуу жайда лидерлигин жана активдүүлүгүн көрсөткөн Айдана Шамиль кызы, Чолпон Болотова жана Марсель Нурболотов аттуу үч студентке берилди", — деп жазылат маалыматта.

Жумакадыровдун жубайы Сүйүналиева: беш жылдан кийин кыз-жигит болгонбуз
Иш-чаранын алкагында окуу жайлардын ортосунда "Тынч оюн" аттуу дебат өттү. Анда студенттер өлкө аймактарын өнүктүрүү жана мамлекет, бизнес, жарандык коом, эл аралык мамиле жана карым-катнашынын стратегиясы боюнча ой-пикирлерин айтышты.

Эске салсак, вице-премьерлик кызматты аркалаган Темир Жумакадыров 2017-жылдын 7-октябрында жол кырсыгынан каза болгон.