Баракелде! Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Иорданияны утуп алды

Командалар Катар мамлекетинде беттешкен.
Sputnik

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Иорданияны 1:0 эсебинде жеңип алды. Бул тууралуу КР Футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстанда төрөлгөн Илзат Ахметов Россияда эң мыкты жаш футболчу аталды
Командалар Азия кубогуна даярдык көрүүнүн алкагында бейшемби күнү беттешти. Оюн эки команданын макулдугу менен жабык түрдө өттү. Башкача айтканда, трибунага күйөрмандар киргизилген эмес. Оюндагы жалгыз голду 86-мүнөттө кыргызстандык жарым коргоочу Турсунали Рустамов киргизген.

Учурда Кыргызстандын курама командасы Александр Крестининдин жетекчилиги алдында Азия кубогуна даярдык көрүү үчүн машыгууларын өткөрүүдө. Кыргызстандык оюнчулар аталган кубокко биринчи жолу катышмакчы.

Азия кубогу 2019-жылы 5-январда Бириккен Араб Эмирлигинде өтөт. Кыргызстандын командасы С тайпасына түшүп, Түштүк Кореянын курамасы (7-январь, Аль-Айн), Кытай (11-январь, Аль-Айн) жана Филиппиндер менен (16-январь, Дубай) ойнойт.