Экс-депутат Дамирбек Асылбек уулу казак жарандыгынан ажыратылды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Казакстанда соттолууда.
Sputnik

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Казакстанда кармалган Жогорку Кеңештин экс-депутаты Дамирбек Асылбек уулуна таандык делген казак паспорту жараксыз деп табылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы Sputnik агенттигине билдирди.

Башкы прокуратуранын эл аралык укук боюнча кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Асылбек Акматовдун айтымында, мурдагы эл өкүлү учурда Кыргызстандын жараны.

"Казакстандагы норма боюнча эгер кармалган жаранда башка мамлекеттин жарандыгы бар болсо, ал автоматтык түрдө Казакстандын жарандыгынан ажыратылат. Асылбек уулу Кыргызстандын жараны катары соттолуп жатат жана ал мекенине өткөрүлүп берилиши мүмкүн", — деди ал.

Дамирбек Асылбек уулунун соту: прокурор экс-депутаттын мыйзамсыз иштери тууралуу
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 15-16-февралында Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Коррупцияга каршы күрөшүү улуттук бюросу менен биргеликте атайын операция жүргүзгөн. Натыйжада бажы постторунда иштеген уюшкан кылмыштуу топтун 8 мүчөсү жок кылынган. Ал эми колго түшүрүлгөндөрдүн арасында ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулу бар экени айтылган. Казакстандын ИИМи анын казак жарандыгы бар экенин айтып чыккан. Бул маалымат Борбордук шайлоо комиссиясынын коңшу өлкөнүн тийиштүү органдарына жиберген сурамынан кийин да тастыкталып, Дамирбек Асылбек уулу депутаттык мандаттан ажыратылган