Валентина Шевченконун кийинки каршылашынын аты аталды

Рейтингдин жыйынтыгына карап адистер Шевченконун кийинки каршылашынын атын аташты.
Sputnik

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко UFC уюмунун рейтингинде өзүнүн салмак категориясы боюнча лидер аталды.

Шевченко польшалык Енджейчик менен 57 килограмм салмакта күч сынашып, беш раунддун жыйынтыгы менен жеңип алган. Муну менен ал абсолюттук чемпион аталган.

Валентина Шевченконун сандыктагы сүрөттөрү! Бала кезинен тарта чемпиондукка чейин
Тизме боюнча Шевченконун кийинки каршылашы Жессика Ай болуп саналат. Ал рейтингде сегиз тепкичке алдыга жылып, биринчи орунда турат. Спорт адистери так ушул мушкер Шевченконун кийинки каршылашы экенин болжошууда.

Жаңыланган рейтингде бир тепкичке алдыга жылган Сияра Юбенкс экинчи орунду (АКШ) ээледи. Үчүнчүгө Кэтлин Чукагян илинди. Ал эми Шевченконун мурдагы каршылашы Жоанна Енджейчик төртүнчү сапка түшүп калды.

Үстүбүздөгү жылдын декабрь айында кыргызстандык мушкер биринчи жолу мурдагы совет өлкөлөрүнүн ичинен кыз-келиндер арасында UFC уюмунун чемпиондук наамына ээ болду. Эркектер арасында россиялык Хабиб Нурмагомедов чемпион болгон.