Жээнбеков: Матраимовдун мал-мүлкү текшерилет

Президент мурдагы бийликтегилер Раим Матраимовду өздөрү Оштон Бишкектеги бажыга алып келишкенин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Раим Матраимовдун мал-мүлкү текшерилет. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп жатып айтты.

Өлкө башчыга Матраимовдор тууралуу суроо берилип, эсеп жеткис байлыгы текшерилер-текшерилбесине кызыгуу болду.

"Раим Матраимов үйлөрүн мен президент болуп келе электе салган. Андыктан текшерилет", — деди Жээнбеков.

Жээнбеков абактагы Өмүрбек Текебаев тууралуу
Мамлекет жетекчи ал президент болуп келгенден кийин мурда Матраимовдорду жактап жүргөндөр кайра жамандап калганын айтып, бул аракет логикага туура келбей турганына токтолду.

"Мен мамлекет башчы болуп келгенге чейин эле ырас иштеп жатып, андан кийин эле иштен алынбадыбы. Матраимовдор 2011-жылы президенттик шайлоодо КСДПга жан дили менен иштеп берген. 2015-жылкы президенттик шайлоодо да жакшы иштеп, Искендер Матраимов Жогорку Кеңешке 27-тизме менен депутат болуп келген. Сегиз жыл жакшы болуп, мен келгенде эле жаман болуп калабы?" — деп суроо салды ал.

Жээнбеков мурдагы бийликтегилер Раим Матраимовду өздөрү Оштон Бишкектеги бажыга алып келишкенин айтты.

"Таң калам! Карап көрсөм, мурдагылар аппак, азыркылар — Жээнбеков жана башкалары жаман. Баары калыс болуш керек да. Менин угушумча, дагы көп нерсе чыгат", — деди президент.

Учурда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өлкө башчысы журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрүп жатат. Бул анын президент болуп келгенден берки жыл жыйынтыгы боюнча алгачкы жыйыны. Жээнбеков 2017-жылы 24-ноябрда расмий түрдө президенттик кызматка киришкен.