Монголияга чейин кеткен лампалар. Жалал-Абадда дагы эмнелер өндүрүлөт?

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Аймактарды өнүктүрүү жылына карата облустарда эмнелер өндүрүлүп, кайсы рынок эмне продукция менен камсыздалып жаткандыгын тизмектөөнү улантат. Бул ирет Жалал-Абад облусу жөнүндө сөз болот.
Sputnik

Жалал-Абад облусунда сегиз район (Аксы, Ала-Бука, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Тогуз-Торо, Чаткал, Токтогул), жети шаар (Токтогул, Кербен, Таш-Көмүр, Майлуу-Суу, Кара-Көл, Жалал-Абад, Көк-Жаңгак), 68 айыл округу бар. Аймакта бир миллион 168 миң адам жашайт.

Өлкөнү жарык менен камсыз кылган ГЭСтер

Гидроэлектростанции в Киргизии

Жалал-Абад облусу өлкө аймагын электр энергиясы менен камсыздаган негизги чөлкөм. Ал жакта Союз учурунда курулган беш ("Таш-Көмүр", "Үч-Коргон", "Күрп-Сай", "Токтогул" жана "Шамалды-Сай") ири гидроэлектростанция иштеп, ушул жылдын 11 айында 11 миллиард 154 миллион кВт саат электр энергиясын өндүргөн.

Кендин түрүн иштеткен ЖЧКлар

Строительство завода по производству технического кремния в Таш-Кумыре

Облус аймагында бир нече тоо-кен ишканасы иштейт. Анын арасында алтын, жез, күмүш, кремний, каолин чыгарган фирмалар да бар. Ошондой эле "Иштамберди", "Бозумчак", "Куру-Тегерек" өңдүү чоң кендеринде өндүрүштү жолго салган чет элдик компаниялар да жок эмес. Мисалы, бир ишкана 2017-жылы эле сегиз миң тоннадай жез, 41 миң унций алтын казып алган.

Нефть продукциялары

Село Кулунду Лейлекского района Баткенской области

Облус аймагында Кыргызстан боюнча нефть жана газ өндүрүшүн колго алган жападан жалгыз ири ишкана бар. Ал геологиялык чалгындоо, бургулоо, нефть, газ кудуктарын казуу жана кайра иштетүү менен алектенет. Завод даяр продукциясы менен Кочкор-Ата шаарын, Майлуу-Суу лампа заводун газ менен камсыздайт. Ал жакта 2200дөн ашык жумушчу эмгектенип, бир жылда 80 тоннага чейин нефть, 35 миллион кубга чейин газ өндүрөт.

Майлуу-Суунун белгилүү лампасы

Майлуу-Сууйский электроламповый завод

Ишкана лампанын 100дөн ашык түрүн чыгарып, Россия, Азербайжан, Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Украина, Грузия, Армения, Монголияга чейин экспорттойт. Заводдон жыл сайын 100 миллиондон ашык лампа даярдалып сатылат.

Кайра иштетилген продукциялар

Открытие частной сыроварни в Истринском районе

Башка облустар сыяктуу Жалал-Абадда да сүт азыктарын кайра иштеткен, мөмө-жемиштерден шире жана азыктарды чыгарган чакан ишканалар арбын. Андан сырткары, фирмалар эт, ун, күрүч, өсүмдүк майы жана минералдык сууну ири көлөмдө сатыкка чыгарат.

Карп, сазан, форель

Отлов рыбы в рыбном хозяйстве "Волма"

Аймакта ондон ашык балык чарба өз ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Жергиликтүү ишкерлер карп, сазан, форель балыктарын өстүрөт. Алардын айрымдары бир жылда эле 250 тоннага чейин балыкты сатып киреше табат.

Атагы алыска тараган Токтогулдун балы

Мед из Кыргызстана признан лучшим в мире

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда эле 700гө жакын балчы эмгектенет. Бийик тоолуу аймактагы ишкерлер бир мезгилде эле 700-800 тоннадай бал даярдап, учурда аймактагы экологиялык таза жана сапаттуу балды экспорттоого аракетин көрүүдө.

Тонналаган кара алтын

Шахтерский город Сулюкта в Баткенской области

Облус аймагында көмүр кендери арбын. Аларды казуу үчүн 26 ишкана лицензия алып, он айда 114 миң 489 тоннадай кара алтын казган. Жеке фирмалар өлкөдөгү айрым аймактарды көмүр менен камсыздайт.

Маалыматтар аймактагы ишкерлер менен облустук администрациядан чогултулду.