Трамп "Ислам мамлекетин" жеңгенин жар салып, АКШ аскерлери Сириядан чыга баштады

Ак үйдүн маалымат катчысы Сара Сандерс АКШ менен анын өнөктөштөрү зарылдык чыкса кайра кайтып барууга даяр экенин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Сирияда “Ислам мамлекетин” жеңгендиги тууралуу билдирүү жасады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Өз билдирүүсүн АКШ лидери Twitter баракчасына жарыялады.

"Биз Сирияда “Ислам мамлекетин” жеңдик. Бул биздин Сирияда болуубуздун жападан жалгыз себеби болчу”, — деп жазды ал.

​Bloomberg агенттиги жеке булактарына шилтеме берип, президент аталган өлкөдөн аскерлерин чыгаруу боюнча буйрук бергенин билдирди.

АКШ Гүленди жакын арада Түркияга кайтарышы мүмкүн
Ак үйдүн маалымат катчысы Сара Сандерс АКШ менен анын өнөктөштөрү зарылдык чыкса кайра кайтып барууга даяр экенин айтты. 

Буга чейин мамлекеттик катчысынын Сириядагы атайын өкүлү Жеймс Жеффри АКШнын бул өлкө боюнча үч гана максаты бар экенин айткан. Алар: “Ислам мамлекетин” жеңүү, Иран аскерлерин чыгаруу жана саясий станзит экени айтылган.