Валентина Шевченконун сандыктагы сүрөттөрү! Бала кезинен тарта чемпиондукка чейин

Sputnik

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченкону азыр дүйнө эли таанып калды десек жаңылышпайбыз. Спортчу жакында эле Америкадагы беделдүү делген UFC уюмунун эң жеңил (57 кг) салмактагы чемпиондук наамына ээ болду.

UFC чемпиону Шевченконун энеси: кызым жакында Кыргызстанга келет деп ишенем
Валентина Шевченко 1988-жылы 7-мартта Бишкек шаарында туулган. Энеси Елена Шевченко таэквондо боюнча кара курдун ээси, тайбокс боюнча машыктыруучу. Өзүнөн улуу эжеси Антонина да спортчу. Беш жашынан тарта азыркыга чейин машыктыруучу Павел Федотовдун колунда тарбияланып келет.

Федотов Валентинанын рингдеги тез, ыкчам кыймылы үчүн "Ок" деген лакап атты ыйгарган.

Спорттук команда 2005-жылдан тарта чет мамлекетте жашап, машыгуусун улантып келет. Алгач Россияда, андан кийин Перуда, учурда АКШда турушат. Ортодо көптөгөн мамлекеттерде машыгууда болушкан.

Валентина муайтай жана К1 боюнча 58 ирет профессионалдуу беттеш өткөрүп, анын бирөөсүндө гана утулган.

ММА боюнча профессионалдуу 16 мелдештин жеңүүчүсү.

2015-жылдан тарта UFC уюмунда ат салыша баштаган.

1 / 17
1991-жыл, Ысык-Көл. Бул Валентина Шевченконун бала кезинде калган жалгыз сүрөтү. Апасы Еленанын айтымында, кыздар ар кайсы жерге көчкөндө жүк менен фотоальбомдор калып кетсе керек…
2 / 17
Алматы, 2003-жыл. Дүйнө чемпионатынан биринчи орун.
3 / 17
2003-жыл. Оманда өткөн мелдештен кийин.
4 / 17
2004-жыл Бишкек. Валентина улуу эжеси Антонина, машыктыруучусу Павел Федотов жана WEF федерациясынын вице-президенти Эмил Токтогонов менен (оңдо).
5 / 17
Сеул, 2005-жыл. Эже-сиңдилер мелдештен соң.
6 / 17
2006-жыл, Сочи шаары. Мелдешке, машыгууга тойбой турган жаштык кез.
7 / 17
Перу, 2009. Ийгилик артынан ийгилик.
8 / 17
Перу, 2010. Валентинадан шпагат.
9 / 17
2011-жылы өткөн Ташкенттеги (Өзбекстан) турнирден кийинки ирмем
10 / 17
2012, Лима. Мушкердин хоббиси — ок атуу.
11 / 17
2013, Лима. Бийди да катырат.
12 / 17
Перу, 2013. Көл жээгинде эс алган спортчу.
13 / 17
2015-жыл, Таиланд. Валентинанын тай бокс боюнча мелдештеринен соңку ирмемдер. Мындан ары ал октагондо күч сынашууга өткөн.
14 / 17
2016-жыл. Беделдүү делген UFC уюмуна кадам.
15 / 17
2017-жыл. Дүйнөдөгү эң күчтүү айым аталуу үчүн оңой атаандаштар туш болгон жок.
16 / 17
Быйыл Валентина Шевченко UFC уюмунун чемпиондук курун тагынды
17 / 17
Сулуу, сүрдүү, өнөрлүү Валентина