БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Кызматынан бошотулган транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов орун басарынын пара алуусу боюнча күбө катары сурак берди. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Сагынбек Исмаилов билдирди.
Ошол кездеги министр Жамшитбек Калилов Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына орун басарынын коррупциялык иштерге тиешеси бар экенин билгенин, бирок буга далили жок болуп келгенин айтып берген.
15-декабрда Калилов кызматынан кетүү боюнча арыз берип, анын негизинде президент Сооронбай Жээнбеков Жарлыкка кол койгон.
"Калилов бардык жоопкерчиликти орун басарына оодарып койду. Министр минтпеши керек. Анан да орун басарынын мындай иштерге тиешелүүлүгү тууралуу мурун эле билип жүргөнүн айтканын кандай түшүнүүгө болот?" — деп суроо салды Исмаилов.
Кызматтын жетекчиси тергөө жүрүп жаткандыктан башка маалымат бере албай турганын белгиледи.