Жыл башынан бери дүйнө жүзү боюнча 110дон ашык журналист өлтүрүлгөн

Жыл башынан бери 30 мамлекетте журналист киши колдуу болгон. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 14 пайызга көп.
Sputnik

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Дүйнө жүзү боюнча быйыл 110дон ашык журналист түрдүү жагдайда өлтүрүлгөн. Бул тууралуу Press Emblem уюму билдирди.

Жыл башынан бери 30 мамлекетте 113 журналист өлтүрүлгөн. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 14 пайызга көп.

ЖМК: Хашукжинин өлүмүнөн кийин Эр-Риядда мураскер ханзада алмашышы мүмкүн
Press Emblem маалыматы боюнча журналисттер үчүн эң кооптуу мамлекет деп Афганистан табылды. Аталган өлкөдө 17 журналист киши колдуу болгон. Андан кийинки орунда Мексика (17 киши), Сирия (11 киши), Индия (8 киши), Йемен (8), АКШ (6), Пакистан (5), Бразилия (4) жана Филиппиндер (4) турат.

Афганистанда журналисттерди террордук топтор өлтүрсө, Мексикада криминалдык уюмдар коркунуч туудурат. Ал эми Сирия менен Йеменде ЖМК өкүлдөрү аскерий аракеттердин курмандыгы болгон.

Press Emblem Campaign 2004-жылы Женевада түзүлгөн, Бириккен Улуттар Уюмунун алдында кеңеш берүүчү статусу бар. Уюм кагылыш болгон жерлерде каза болгон журналисттер тууралуу доклад жарыялап, ЖМК өкүлдөрүнүн коопсуздугун камсыздоо боюнча чечкиндүү кадамдарга барууда коомдук пикирди калыптандырууга аракет кылып келет.