Жээнбеков жыл жыйынтыктаган биринчи маалымат жыйынын өткөрөт

Маалымат жыйыны 19-декабрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын өткөрөт. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков менен Атамбаев. Эки эрендин эрегиши эмнеге алып келет? Пикирлер
Ага ылайык, маалымат жыйыны 19-декабрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында болмокчу.

Жыйын учурунда президент журналисттердин суроолоруна да жооп берет.

Белгилей кетсек, Жээнбеков президент болуп келгенден бери биринчи жолу жылды жыйынтыктайт. Ал былтыр 24-ноябрда расмий түрдө кызматка киришкен.