Томск жашоочуларын таңгалдырган муз төө менен кыргыз улуттук кийимчен кыз. Сүрөттөр

"Хрусталдуу Томск" фестивалына сегиз өлкөдөн барган 30 команда "Кышкы ой чабыт" темасындагы 30 эмгек жаратты.
Sputnik

КАРАКОЛ, 16-дек. — Sрutnik. Томск шаарындагы муз айкелдердин фестивалына кыргызстандык Урмат Советкелдиев "Өмүр булагы" аттуу эмгегин тонналаган муздан көркөмдөп жасап катышты.

Чебер колдор арасындагы сынак "Хрусталдуу Томск" деп аталган.

1 / 6
Томск шаарындагы муз айкелдердин фестивалына кыргызстандык Урмат Советкелдиев улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытаар бир күн" чыгармасындагы Найман эне менен төөнүн образын тонналаган муздан көркөмдөп жасап катышты.
2 / 6
Чебер колдор арасындагы сынак "Хрусталдуу Томск" деп аталган.
3 / 6
Фестиваль алты күнгө созулуп, 14-декабрда аяктады.
4 / 6
"Хрусталдуу Томск" аттуу фестивалындагы айкелдер
5 / 6
"Хрусталдуу Томск" аттуу фестивалындагы айкелдер
6 / 6
"Хрусталдуу Томск" аттуу фестивалындагы айкелдер

Советкелдиев конкурста алты күн жүргөн. Бул эмгекте төө, анын эки өркөчүндө чымчыктар конуп турат. Төөнүн көлөкөсү суудан көрүнөт. Сууда болсо балыктар сүзүп жүрөт. Төөнүн жанында кыргыз улуттук кийимин кийген кыз олтурганын көрүүгө болот. Аталган фестиваль алты күнгө созулуп, 14-декабрда аяктады.

"Мындай фестиваль чыгармачылык жактан ой жүгүртүүнү өстүрүп, чыгармачыл чөйрөнү кеңейтүүгө сонун шарт түзүп берет. Бул сыяктуу иш-чарада улутка, мамлекетке бөлүнүү болбойт. Бардык адамдар бирдей, чыгармачылыкка гана басым жасалат. Ага кайсы улут келбесин, тилин билбесең да, орток тил — достук тили менен сүйлөшө аласың. Ар бир адам сенин ишиңде жардам бергиси келгенин түшүнөсүң", — деп айтып берген Советкелдиев.

Кыргызстандык айкелчи анын алгачкы сапарынан сонун таасир алгандыгын, башка өлкөлөрдөн келген кесиптештери ага жакындан жардам көрсөткөндүгүн айтып берген.

Айтматовдун Москвадагы айкелин жасаган скульптор: уят болбосом экен деп тиледим
"Фестивалга Кыргызстандын атынан биринчи жолу катышкандыктан, керектүү шаймандарымды болжолдоп эле алып баргам. Көбү жараксыз болуп калды. Ынтымактын негизинде башкалардын жардамы менен оюмдагы эмгегимди жасадым. Бул мага эң чоң таасир калтырды. Катышуучулардын эмгегин көрүп, шыктанып, көп иштешим керектигин, бул жаатта чоң чеберлер бар экенин сездим. Мында башкы максат жеңишке жетишүү эмес, бир жума болсо да чыгармачылык менен өмүр сүрүү, чыгармачылыктан ырахат алуу экен. Быйыл фестивалга Кыргызстандан өкүл катышып, биздин желектин да көтөрүлүшү маанилүү го деп ойлойм", — деп билдирди ал.

Советкелдиев Бишкек шаарындагы Сүймөнкул Чокморов атындагы көркөм сүрөт окуу жайында билим алган. Ал жерден булгаары иштетүүчү адистигине ээ болуп, айылында ушул тармакта алектенген. Андан соң Касымалы Жантөшев атындагы облустук музыкалык драма театрында да иштеп, кийин Россияга мигрант болуп кеткен.

"Новосибирскиде жүрүп, эл кардан ар кандай чыгармаларды жасаган "Кар скульптуралары — Сибирь фестивалы" сынагы болот деп угуп калдым. Ошондо сүрөтчү, ар кыл таланттын ээси Максим Пахомов менен таанышып, аны менен бир команда болуп, Кыргызстандын атынан чыкканбыз. Бул күнү Кыргызстан биринчи жолу бул эл аралык сынакка катышып жатат дегенди угуп абдан кубангам. Ошол 2017-жылы 3-орунду алдык. Анан мекениме кайтып келип, кыргыз драма театрынын башкы сүрөтчүсү Бакыт Тилекматов менен бир команда болуп, 2018- жылы ошол сынакка кайра катышып 2-орунду алдык. Бакыт байкени атамдай көрөм",— деди ал.

Урмат ушул жылы Новосибирск шаарында өткөн кар фестивалга да катышып, өз таланты менен башкаларды таң калтырган. Ал учурда кичи мекени — Ак-Суу районунун Теплоключенко айылында майыптар үчүн устакана ачып, аларга устачылыкты үйрөтүп келет.