Опол тоодой бар эле... Бүгүн Марат Козукеев эскерилет

Иш-чарада Козукеев режиссер катары койгон спектаклдерден, өзү тартылган тасмалардан үзүндү тартууланат.
Sputnik

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Бүгүн, 15-декабрда, Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын мурунку көркөм жетекчиси Марат Козукеев эскериле турганын аталган маданий жайдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чара саат 16.00дө башталат.

"Кечеге театр кызматкерлеринин аксакалдарынан тарта бардык кесиптештери, жакындары келет. Козукеев режиссер катары койгон спектаклдерден, өзү тартылган тасмалардан үзүндү тартууланат", — деп айтылат билдирүүдө.

Бурят кызга үйлөнүп... Арсен эмес, Асанбек Өмүралиев тууралуу 6 факты
Эскерте кетсек, КРдин эмгек сиңирген артисти былтыр 9-декабрь күнү 47 жашында көз жумган. 1988-1992-жылдар аралыгында Черкасов атындагы Ленинграддагы Театр, музыка жана кинематография институтунун актерлук факультетин бүтүргөн. 1992-1993-жылдары Бакен Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театрында иштеп, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 24 жыл эмгектенген.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Марат Козукеев тууралуу мындан башка да кызыктуу фактыларды даярдаган.