Кыргызстандык оор атлетчилер Катарда күчүн сынайт

Өлкө атынан эки спортчу катышмакчы.
Sputnik

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Кыргызстандык оор атлетчилер "Гран-при Катар" эл аралык турнирине катыша турганын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине аталган федерациянын вице-президенти Уланбек Молдодосов кабарлады.

Борбордо армрестлинг боюнча Кыргызстандын кубогу өтөт
Анын айтымында, мелдеш Катардын Доха шаарында 18-23-декабрь күндөрү өтөт. Турнирге өлкө атынан Бекдөөлөт Расулбеков (96 кг) менен Зухра Курманаева (64 кг) катышат. Спортчуларды башкы машыктыруучу Камбар Токтоналиев коштоп барат.

Молдодосов белгилегендей, аталган мелдеш 2020-жылы өтө турчу Олимпиада оюндарына тандоо турунун бир бөлүгү катары саналат.