Анын айтымында, жолдошу Курманбек Жанузаков акыркы беш айдан бери ден соолугу начарлап, төшөккө жатып калды. Чет жерден дарылануу үчүн ири суммадагы акча керек. Айсулуу эки чиедей баласы менен иштей албайт, 8 айлык боюнда да бар.
Күйөөмдүн оорусу нес кылды
Онкология борборуна барганыбызда күйөөмө өпкөнүн рагы деген диагноз коюшту. Мындай илдетке чалдыгам деп ким эле ойлосун, угуп алып нес болдук. Илдет кайдан илээшкенин билбейм, туугандар арасында деле мындай жок эле. Дарыгерлерге ишенбей кайрадан анализ тапшырууну эп көрдүк. Анын акысы 20 миң сом экен, беш миң сомго арзандатып өткөрө алдык. Баягы эле дарт чыкты — рак…
Молдокелер акчаны шыпырып алды
Көлдөн Бишкекке каттап маалы менен дарыланып турдук. Химиялык дарылоо курсунан бир ирет өттүк. Кийинкилерин каражаттын жоктугунан алуу кыйынга турду. Ар ким эмнени айтса, ошону кыла бериптирбиз. Табып менен молдого да алып бардык. Кызыгы, молдо деле дарыканадагы таблеткаларды жазып берди. Кыскасы бекер эле акча коротуптурбуз, сакайгандын ордуна абалы начарлады. Дем алганда абдан кыйналат. Кан аралаш какырык чыгат. Денесин шылып алгандай эле арыктады. Тамакка табити тартпайт. Суюк шорпо эле жасап берем. Басып турганда дене-башы ооругандыктан көбүнчө төшөктө жатат. Акыркы беш ай оор өтүүдө.
8 айлык боюмда бар
Жолдошум экөөбүздүн баш кошконубузга 13 жылдын жүзү болду. Ал 38де, мен бир жашка кичүүмүн. Аз убакыт сүйлөшүп баш кошконубуз менен жакшы жашап кеттик. Ал көп жылдан бери курулуш тармагында эмгектенди. Мен деле майда-барат жумуштарда иштеп калчумун. Билимибиз орто, карапайым үй-бүлөдөнбүз. Өзүбүздүн үйүбүз жок болгондуктан Көлдө кайненемдер менен турабыз. Ортодо мектеп курагындагы уул-кызыбыз бар. Ай-күнүмө жетип үчүнчү перзентимди жарыкка алып келейин деп турам.