Жээнбеков министр Калиловду кызматынан бошотту

Калилов буга чейин жумушунан кетүү боюнча арыз жазган.
Sputnik

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, тиешелүү Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Эскерте кетсек, Калилов буга чейин жумушунан кетүү боюнча арыз жазган. Ага орун басары Азимкан Жусубалиевдин 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалышы себеп болгон