Ден соолукту жабыркатчу чаңдын курамындагы заттар аталды

Окумуштуулардын аныкташынча, триклозан микроорганизмдин генетикалык кодун өзгөртөт.
Sputnik

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Американын Түндүк батыш университетинин окумуштуулары чаңдын курамында триклозан аттуу зат бар экенин аныктап, ал түрдүү микроорганизмдердин бактерияга каршы дарыларга туруштук берерин аныкташты. Илимий изилдөөнүн жыйынтыгы Science Alert сайтына жарыяланды.

Илимпоздордун айтымында, триклозан микроорганизмдин генетикалык кодун өзгөртөт. Андыктан алар бактерияга каршы түрдүү каражаттарды көп сезбейт.

Адистер, андан сырткары, спорт залдагы, бардагы, китепканадагы жана киши көп топтолгон жердеги чаңдын курамында да триклозан заты бар экенин айтышат.