Ажалы жок экен! Ири автоунаа аз жерден басып кала жаздаган эне-баланын видеосу

Ирмемдер окуянын күбөсүнүн автоунаасындагы видеокаттоого тартылып калган.
Sputnik

Вьетнамда оор жүк ташыган унаанын айдоочусу кичи автобусту айланып өтөм деп жолду тилкеге бөлүп турган цемент тосмону сүзүп алып, андан ары карама-каршы жолго чыгып кеткен.  Бул туурасында Sputnik International маалымдады.

Дагестанда 5-кабаттан кулаган кызды айдоочулар тосуп алды. Видео
Күү менен сүрүлүп келип, жолдун берки өйүзүнө тийген автоунаа эне-баланы аз жерден басып кала жаздаган. Окуяга күбө болгондор алардын аман калганына таңгалгыдай эле болгон. Себеби экөөнү ажалдан бир нече кадам аралык эле сактап калган. Баса, сүрүлүп келе жаткан фура алдынан чыга калган жеңил автоунааны да басып кала жаздаган. Жүк ташыган техника баш-аягы үч автоунааны сүзүп, баш жагы анча терең эмес аңга кирип кеткен. Маалыматта окуядан жабыр тарткандар жок экендиги айтылат.