Тааныштарыңыздын арасында мындай адам болору шексиз. 70 пайыз учурда алар — акылдуу, тамашакөй эркек кишилер. Андайлар адатта ишинде ийгиликтүү, курчаган чөйрөсүндө сүймөнчүк болушат. Айтмакчы, алар ашынган адилеттүү, дайым чабал кишиге болушууга даяр.
Мындай адамдар көп. Айрым эсеп боюнча миң кишинин ону аталган кеселден жабыркайт. Башкача айтканда, Кыргызстанда 60 миң жаран Туретта синдрому менен жашап жүрөт.
Дарыгерлер алигүнчө кеселдин чыгыш себептери боюнча талашып-тартышып келет. Азыр Туретта синдрому генетикалык оору деп боолголонот. Ал эне кош бойлуулуктун алгачкы үч айында катуу стресске кабылса, өтө чарчаса, ичимдик ичип же чылым чексе, жалпысынан, ар кыл терс факторлордо чыгат.
Кандын айланышы бузулганда түйүлдүктүн организми шарттарга ыңгайланыша баштайт. Мээге кандын жетиши күч алат да, тамыр түйүнү аябай бутактанып кетет.
Мындай синдрому бар адамдарда дофамин — кубанычтын гормону көп өлчөмдө иштелип чыгат. Ал аябай ашыкча болуп кеткенде бузулуп, адреналинди түзөт, бул агрессиянын күчөшүнө алып келет.
Синдромдун алгачкы белгилери бала эки жашка чыкканда байкалат, эне баланын эрксизден кыйкырыгын уга баштайт. 4-8 жашында баланын нерви тартышканы сезилет, маселен, бутун булкуп, стол үстүн манжалары менен тыкылдатат.
Туретта синдромдуу мас кишиге өзүн жоготуп, каршысындагы капа кылган кишиге муштум менен атырылышына болор-болбос себеп деле жетиштүү. Адатта алардын курмандыктары — өз жубайлары. Алар адамды өлөрчө сабап, өлтүрүп алып да, кандайча болгонун эч эстей алышпайт.
Көп учурда андай эркектен аял өзү да кетип кала албайт, себеби соо кезинде ал мыкты жолдош, камкор ата, бар жагынан жагымдуу жан. Айланасындагылар баш чайкай гана кеп кылышат.
Чындыгында андай киши жана анын жакындары оору менен алышууга көнүгүшү керек. Биринчиден, балага көз салган энесинин коңгуроо кагуусу зарыл. Эгер баланын нерви тартышса, класста ал абдан чыр атка конот, көп туталанат, бул аны генетикке көрсөтүүгө себеп.
Андай бала өз эмоцияларын көзөмөлдөп, ичкилик ага эч жакпастыгын аңдоого тийиш. Этти азыраак, жашылчаны көп жегени оң.
Аталган гормон дары түрүндө да бар, баасы да кымбат эмес, ал Бишкектеги ар бир дарыканадан табылат. Аны жаздыкка гана сээп коюу жетиштүү, адам бир аз өзүнө келет.
Эгер киши өз дарты менен күрөшө алса, анда аны жакшынакай келечек — укмуш кызмат, узак үй-бүлөлүк турмуш күтөт. Башкысы, андан айланасындагылар баш тартпай, жардамга кол сунганы оң.