БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Депутат Алтынбек Сулайманов транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев ири пара менен кармалганын эскертип, ал боюнча министр Жамшитбек Калиловдун пикири эки башка чыгып жатканын атайын органдар текшериши керектигин айтты.
Мындай сунушун депутат парламенттин жалпы жыйынында көтөрдү. Анын ырасташынча, Калилов биринчи күнү орун басарынын кармалганына шок болгонун айтса, кийинки интервьюсунда аны билгенин жана өкмөт башчы менен укук коргоо органдарына маалымат бергенин билдирген.
"Биринчи күнү башкача, экинчи күнү башкача айтып жатат. Демек, бул орун басарын өзү салып берип жатат, же бул жерде башкача иш жүрүүдө. Ушуну аягына чейин иликтегиле, эмне үчүн министрдин айткандары эки башка чыгып жатат?" — деди депутат.
Эскерте кетсек, транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев жол куруу боюнча өткөрүлгөн тендерде чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо үчүн 520 миң доллар пара алууга макулдашкан. Акчанын 50 миң долларын алып жатканда аны УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы колго түшүргөн. Аткаминер андан мурдараак 120 миң долларын алган, калганы кийинки жумада колуна тиймек.