Радио

Керималиев: бир гектар жерден 13-14 тонна жүгөрү түшүмүн алдык

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев быйыл жүгөрүнүн тогуз түрү сыноодон өткөрүлгөнүн маалымдады.
Sputnik
Керималиев: бир гектар жерден 13-14 тонна жүгөрү түшүмүн алдык

Республика боюнча жүгөрүнүн басымдуу бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарында өндүрүлөт. Быйыл Сербия мамлекетинен жүгөрүнүн гибрид түрлөрү алынып келип отургузулган. Бул тууралуу Жаныбек Керималиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылы республика боюнча жүгөрүнүн рекорддук түшүмү жыйналган.

"Быйыл жүгөрү отургузула турган жерлердин жалпы аянты былтыркыга салыштырмалуу төрт миң гектарга кеңейтилген. Ошто 26 миң, Жалал-Абад облусунда 33 миң гектар жерге жүгөрү отургузулган. Сербия мамлекетинде жүгөрү институту бар экен. Ал жерден кесек тоюттун тогуз түрүн алып келип, атайын сыноочу аянтка отургузганбыз. Жыйынтыгы жакшы. Өтүп бараткан жылы бир гектардан 65,2 центнерден түшүм алынды. Бул мыкты көрсөткүч", — деди Керималиев.

Ошондой эле ал быйыл түшүмдүүлүктүн көрсөткүчү былтыркы жылга салыштырмалуу бир гектары үчүн эки центнерден көп экендигин кошумчалады.