Акылбек Жапаров: экс-президенттер, экс-премьерлер концертиңерди койгула!

Депутат саясатка аралашам деген президент бардык макамынан ажырашы керектигин сунуштады.
Sputnik

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров мамлекеттин башына бир жолу келгендер улам-улам эле саясатка аралашам деп жулуна бербей сабак окуп, китеп жазып, керек болсо айылын барып өнүктүрсүн деген сунушун айтты.

Икрамов: депутаттардан чек арачыларга чейин кош жарандыгын текшерүү керек. Видео
Парламенттин бүгүнкү жыйынында "КР президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамдын долбоору каралып, биринчи окууга киргизилди.

Жапаров эгер экс-президенттер саясатка аралашам десе бардык макамынан ажыратылып, катардагы жарандардын укуктары менен бирдей саясатка келиши керектигин айтты.

Мыйзам демилгечилеринин бири Курманкул Зулушев мыйзам долбоору биринчи окууга гана киргизилип жатканын, андыктан Жапаровдун сунушу эске алынарын айтты.

Акылбек Жапаров АКШ менен Германиянын мамлекет башчыларын мисал катары айтты.

"АКШда азыр алты президент тирүү экен. Алтоо алты партия түзүп алып чакчалакейди чыгарбайт беле. Германиянын канцлери да Ангела Меркель 2020-жылдан тарта кызматтан кетип, саясатка аралашпайм деп жатат", — деди ал.

Мамлекеттик жогорку кызматта иштеп кеткендер саясатка аралашам деген дымагынан баш тартышы керектигине токтолду.

"Экс-президенттер, экс-премьерлер, экс-спикерлер мамлекеттин башына бир жолу келдиңер, эми концерттериңерди токтоткула. Барып эми сабак окугула, насаатыңарды айткыла, китеп жазгыла. Кайра кайра эле саясатка аралаша бербегиле. Бир мүмукүнчүлүгүңөр болду, эми өзүңөр жашаган айылды көтөргүлө. Ошол айылда коммунизим кургула", — деди Жапаров.

Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети тарабынан жактырылып, жалпы палатага чыгарылды.