Жогорку Кеңеш Бактыгүл Жээнбаеваны каржы министри кызматына жактырды

Талапкерди премьер Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте өзү тааныштырган.
Sputnik

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Өкмөт тарабынан каржы министри кызматына сунушталган Бактыгүл Жээнбаеванын талапкерлигин Жогорку Кеңештин депутаттары колдоду. Эл өкүлдөрүнүн 101и макул деп добуш берди.

Абылгазиев министр болчу Жээнбаеванын артыкчылыктарын санап берди
Талапкерди премьер Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте өзү тааныштырган.

Өкмөт башчынын ырасташынча, Бактыгүл Жээнбаева кыргыз, орус, англис тилдеринде эркин сүйлөйт. Финансы жаатына тиешелүү Кыргызстандын мыйзамдарын жакшы билет жана финансы жаатындагы тажрыйбасы 25 жылдан ашат.

Жээнбаева депутат Сайдулла Нышановдун суроолоруна жооп берип жатып, учурда пенсияга чыкканын жана пенсия аларын айтты.

Мурдагы каржы министри Адылбек Касымалиев өз арызы менен кызматтан кеткенден кийин орду бош турган.