"Оптима банк" Зилалиевдин банктан алынган акчасы тууралуу видеонун чоо-жайын айтты

Маалыматта укук коргоо органдары видеону Зилалиевдин өзүнөн алганы белгиленет.
Sputnik

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. "Оптима банк" Дүйшөнбек Зилалиевдин банктык эсебинен чыгарылган акча боюнча тараган видеого байланыштуу билдирүү таратты.

Эске салсак, буга чейин мамлекеттик кызматта иштеп келген Зилалиевдин банктагы жеке эсебинен 889 миң 900 доллар табылганы айтылган.

Маалыматта банк видеону акчанын ээсине, тагыраагы, Дүйшөнбек Зилалиевдин өзүнөн башка адамга бербегени айтылат.

"Интернетке тараган видео бир жыл мурун тартылган. Буга кардардын банктык уячанын ижара акысын төлөө мөөнөтү аяктап калганы себеп болгон. Улуттук банктын эрежеси боюнча банктын кызматкерлери уячаны ачып, видеого каттап, кийин кардардын колуна карматышы керек болчу. Кардарга бул боюнча бир ай мурун билдирүү жөнөтүлгөн. Бирок ал банкка акчаны алып кеткени келбей койгон. Буга байланыштуу видео банктын жоопкер кызматкерлери тарабынан тартылып, бир жыл мурда акча менен тасма ээсине берилген", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле билдирмеде укук коргоо органдары видеону Зилалиевдин өзүнөн алганы белгиленет.