БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында партиялашы Өмүрбек Бабановдун иши боюнча УКМК менен Башкы прокуратуранын жетекчилерин чакырып, угуп көрүүнү сунуштады.
Анын сунушу добушка коюлуп, эл өкүлдөрү колдоп берди. Буга байланыштуу саат 16.00дө укук коргоо органдары маалымат бермей болду.
"Экс-президент Алмазбек Атамбаев Бабанов боюнча ишти карап чыкса болот деп айтты. Саясий куугунтук болбосо дейм. Аны биз Жогорку Кеңеш карап угуп койбосок болбойт. Өмүрбек Бабанов жөн эле көчөдө жүргөн адам эмес. Ал президенттик шайлоодо экинчи орунду алган", — деди Сабиров.
Буга чейин ал Бабановго карата козголгон иш жабыла турган болсо, ал мекенге бүгүн кайтууга даяр экендигин маалымдаган болчу.
Башкы прокуратура Өмүрбек Бабановго карата "Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө чакырык жасады" жана "Улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутту" деген кине менен президенттик шайлоодон кийин, 2017-жылы 4-ноябрда кылмыш ишин козгогон. Ал учурда Бабанов өлкөдөн чыгып кеткен. Кийин Жогорку Кеңештеги "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидерлигин өткөрүп берип, саясаттан кеткен. Андан көп өтпөй эле депутаттык мандатынан ажыратылган. Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында УКМК Өмүрбек Бабановго карата бийликти күч менен басып алуу, массалык башаламандык уюштуруу боюнча козголгон кылмыш иштеринин тергөө процессин токтоткон.