БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. 520 миң доллар пара менен кармалган транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиевдин иши боюнча өкмөт эмнеге үн катпай жатат? Мындай пикирин депутат Абдывахап Нурбаев Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.
Бул боюнча ал өкмөттүн парламенттеги өкүлү Ашырбек Темирбаевге кайрылганда, ал бир аздан кийин премьер-министр келерин маалымдап суроону өзүнө узатууну сунуштады.
"520 миң пара менен кармалган министрдин орун басарын элдин баары кеп кылууда. Ушуга чейин өкмөт позициясын билдирбей, оозун ачып отурат. Эмнеге министр Жамшитбек Калиловду отставкага кетирбейт? Муну кандай түшүнсөк болот?" — деп суроо салды депутат.
Моралдык жоопкерчилик боюнча Жамшитбек Калиловдун пикирин Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан угуңуздар.
Эскерте кетсек, транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев жол куруу боюнча өткөрүлгөн тендерде чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо үчүн 520 миң доллар пара алууга макулдашкан. Акчанын 50 миң долларын алып жатканда аны УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы колго түшүргөн. Аткаминер андан мурдараак 120 миң долларын алган, калганы кийинки жумада колуна тиймек.